Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын билдирди.
Кармалган адамдын үйүндө жана тиешелүү жайларда тинтүү жүргүзүлүп, гашиш табылган.
Ошондой эле маңзаттарды сатуудан түшкөн ири өлчөмдөгү акча алынган.
Шектүү соттун чечими менен эки айга тергөө абагына киргизилди.



