7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Ливан жана Мальдив аралдары менен беттешет

14

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы сентябрь жана октябрь айларында эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Жаңы башкы машыктыруучу Урмат Абдукаимов жетектеген команда 21-сентябрда Бишкектеги «Мурас Юнайтед» базасында машыгуу жыйынын баштайт.

Алгачкы беттеш 28-сентябрда Мальдив аралдарынын курамасына каршы өтөт. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

Ал эми 4-октябрда кыргызстандык футболчулар Ливан менен ушул эле стадиондо күч сынашат.

Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына караганда, бул оюндар улуттук кураманын 2027-жылдагы Азия кубогунун финалдык этабына даярдыгынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

15