7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү: АКШнын капитаны мыкты бомбардир болду

273

АКШнын көк бөрү боюнча курама командасынын капитаны Лэдд Хауэлл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы турнирдин мыкты бомбардири аталды.

АКШнын командасы үч оюнда 19 салым жасаган. Анын 15ин Лэдд Хауэлл киргизип, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунда Кыяз Ниязов — 9, үчүнчүдө Нуржан Мелисбек уулу — 8 салым менен турат.

Хауэлл Кыргызстандын курамасына каршы оюнда 6 салым жасап, өзгөчө көрсөткүчкө жетишти.

АКШнын командасы тайпада 4-орунду ээлеп, медалдар үчүн күрөшкө катышкан жок.

274