11-сентябрда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Манас театрынан билдиришти.
Айтыш саат 09:00дө «Манас Ордо» этнографиялык комплексинде башталат.
Иш-чарага өлкөнүн аймактарынан тандалып алынган 16 төкмө акын катышат. Алардын арасында Абдылда Нуралиев, Болот Назаров, Нурайым Бактияр кызы, Жамайка Токонова, Кадырбек Бейшенов жана башка акындар бар.
Акындар өлкөнүн тарыхы, эгемендүүлүк жылдарындагы өзгөрүүлөр, улуттук баалуулуктар, мекенчилдик жана элдин биримдиги тууралуу төгүп ырдашат.
Айтыштын негизги максаты — төкмөлүк өнөрдү жайылтуу, улуттук оозеки чыгармачылыктын салттарын улантуу жана жаштардын айтышка болгон кызыгуусун арттыруу.



