7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан-Кипр мамилеси: ТИМ башчылары сүйлөштү

16

Күн мурун Кипр тараптын демилгеси менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос телефон аркылуу сүйлөштү.

ТИМдин маалыматына караганда, Комбос Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөгө бакубатчылык каалады.

Тараптар эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары чыңдап, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.

Ошондой эле кыргыз-кипр кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Нью-Йоркто жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты.

17