Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи. Бул мурунку циклдерге салыштырмалуу 11 позицияга жогору көрсөткүч. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Кыргызстан изилдөөгө 16 жылдык тыныгуудан кийин кайра катышып, PISA тестин биринчи жолу компьютердик форматта тапшырды.
Өлкөнүн орточо көрсөткүчү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 балл, математикадан 364 балл, окуу сабаттуулугу боюнча 344 балл болду.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2006 жана 2009-жылдардагы жыйынтыктарга салыштырмалуу өсүш статистикалык жактан маанилүү деп бааланды.
PISA- 15 жаштагы окуучулардын алган билимин жана көндүмдөрүн реалдуу турмуштук кырдаалдарда колдоно билүүсүн баалаган эл аралык изилдөө.



