7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ат-Башыда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталды

20

Ат-Башы районунда райондук соттун жаңы административдик имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Курулуштун башталышына арналган иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев катышты.

Жаңы имаратта судьялар жана сот кызматкерлери үчүн тиешелүү шарттар түзүлүп, жарандарга сот кызматтарын көрсөтүүдө ыңгайлуу жана жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр каралат.

Медербек Сатыев соттун натыйжалуу иштеши заманбап имарат менен гана эмес, судьялардын кесипкөйлүгүнө, калыстыгына жана мыйзамдуулукту сактоосуна да байланыштуу экенин белгиледи.

Жаңы имарат заманбап талаптарга жооп берип, сот тутумунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана район тургундарына сапаттуу сот кызматтарын көрсөтүүгө багытталат.

21