А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн NOMAD FEST эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалында ийгилик жаратышты.
Театрдын маалыматына караганда, этно-бий сынагында балеттин алдыңкы солисти Саади Иманкулов хореографиялык номери менен 1-орунду ээледи.
Ал эми «Көчмөн жылдыздары» сынагынын дуэттер категориясында кыргызстандык опера ырчылары бир нече байгелүү орунга татыды:
Гран-при — Аяна Бекенова;
1-орун — Эмгек сиңирген артист Айбек Саралаев;
2-орун — Талант Токомбаев;
3-орун — Эмгек сиңирген артист Тилек Найманбаев;
Калыстар тобунун атайын сыйлыгы — Данияр Дөөлөтбаков.
Фестивалга Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Монголиядан келген чыгармачыл топтор да катышты.



