Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандарга 1210 кыска байланыш номери иштеп жатканын эскертти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бирдиктүү колл-борбор аркылуу мамлекеттик колдоо программалары, жеңилдетилген насыялар, субсидиялар жана айыл чарба техникаларын лизингге алуу боюнча кеңеш алууга болот.
Мындан тышкары, ирригация, өсүмдүктөрдү коргоо, ветеринария, асыл тукум чарбачылыгы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, сертификаттоо жана экспорт маселелери боюнча маалымат берилет.
Чалуулар Кыргызстандын бардык аймактарынан кабыл алынат.
Колл-борбор иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.



