7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеш Малик Бектургановду башкы прокурорлукка дайындоого макулдук берди

14

Жогорку Кеңеште башкы прокурор кызмат ордуна Малик Бектургановдун талапкерлиги каралды.

Жыйында талапкер тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Эл өкүлдөрү Малик Бектургановдун талапкерлигин жактырып, аны башкы прокурор кызматына дайындоого макулдук беришти.

Белгилей кетсек, буга чейин талапкердин дайындалышына макулдук берүү маселесин Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети карап, Малик Бектургановдун талапкерлигин жактырган.

15