7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламентте робот-гид пайда болду: Президент санариптик музей менен таанышты

5

Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңеште заманбап санариптик музейдин ачылышына катышып, парламенттин жаңыланган жыйын залдарын көрүп чыкты.

Музейде гид робот Мамлекет башчысына кыргыз элинин жана парламенттин тарыхына, ошондой эле Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө арналган экспозициялар тууралуу айтып берди.

Ошондой эле Президент мамлекеттик органдардын жетекчилерине жыйындарга онлайн режимде катышууга мүмкүндүк берген заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган парламенттин жаңыланган жыйын залдарын көрүп чыкты.

Иш-чаранын соңунда Садыр Жапаров жаңыланган экспозиция келгендерге, өзгөчө жаш муунга парламенттин тарыхын жана ишмердүүлүгүн жакындан таанып-билүүгө мүмкүндүк берерин, ошондой эле жарандардын Жогорку Кеңештин ишине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө болоорун белгиледи.

6