Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына операцияны так жана оңой жасоого жардам берген өлкөдөгү биринчи робот-хирург алынып, жакынкы арада анын жардамы менен клиникалык базада операциялар жасала баштамакчы.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов хирургиялык консолго отуруп, жабдууну иштетип, сынап көрдү. Ал жабдык «робот-хирург» деп аталганы менен чечимди дарыгер кабыл алып, ишти өзү жасаарын баса белгиледи.
«Операцияны робот өз алдынча жасабайт, аны хирург башкарат. Дарыгер ар бир кыймылды көзөмөлдөп, тканды кесүүдөн баштап тиккенге чейинки иштерди өзү жүргүзөт. Система сүрөттү 10-15 эсеге чейин чоңойтуп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет, бул майда анатомиялык түзүлүштөр менен иштөөдө өтө маанилүү»,-деди министр.
Система хирургга хирургиялык инструменттерди так башкарууга, кичинекей кесиктер аркылуу операция жүргүзүүгө жана операциялык талаанын чоңойтулган сүрөтүн алууга мүмкүнчүлүк берет.
Эми жаңы технологияны ишке киргизүү менен катар аны майнаптуу башкара алган жергиликтүү адистерди даярдоо иши жүргүзүлмөкчү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



