Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында шаардагы борбордук стадиондун курулушу менен таанышты.
Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин маалыматына караганда, жаңы көп функционалдуу спорт комплекси 5 миңден ашуун көрүүчүгө ылайыкталат. Анда футбол, жеңил атлетика боюнча машыгууларды жана мелдештерди, ошондой эле ири маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөт.
Мамлекет башчысы курулуш иштеринин сапатын жогорку деңгээлде камсыз кылып, стадионду белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү тапшырды.



