7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин онлайн катышуусунда Бишкекте 3 өнөр жай ишке кирди

15

12-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата үч жаңы өнөр жай объектисинин ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

  • Биринчи объект — Чыңгыз Айтматов проспекти, 1 дарегинде жайгашкан «КыргызТрансформатор» ЖЧКсынын базасында ишке киргизилген трансформаторлорду өндүрүүчү жаңы цех. Долбоорго 262 млн сом инвестиция салынган.

Ишкананын ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты.

Кубанычбек Иманалиев жаңы өндүрүш ишканаларынын ишке кириши ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана борбор калаанын экономикасына инвестиция тартууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

  • Экинчи объект — мурдагы «Полибетон» ААКсынын аймагында жайгашкан «Биринчи индустриалдык комплекс» ЖЧКсынын кошумча кондитердик цехи. Объектке 306 млн сом инвестиция жумшалган.

Анын ачылышына Ленин районунун акими Тариел Айтиев катышты.

  • Үчүнчү объект — курулуш металл конструкцияларын жана металл буюмдарын өндүрүүгө адистешкен «Флагман компани» ЖЧКсынын жаңы ишканасы. Долбоорго 175 млн сом инвестиция салынган.

Ишкананын ачылыш аземине Биринчи Май районунун акими Улан Сарылбек уулу катышты.

Жалпысынан аталган үч объектти ишке киргизүүнүн алкагында 250дөн ашык жаңы жумуш орду түзүлөт.

Иш-чарага өнөр жай объектилеринин жетекчилери да түздөн-түз катышты.

Үч жаңы өндүрүш объектисинин ачылышы ата мекендик өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, кесипкөй кадрларды даярдоого жана борбор калаанын өнөр жай инфраструктурасын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Мындай долбоорлордун ишке ашырылышы ата мекендик ишкердикти өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана Бишкек шаарынын мындан аркы экономикалык өсүшүнө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

16