7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бириккен Араб Эмирлигинен өлкөгө 54 тонна гуманитардык жардам келди

763

Бириккен Араб Эмираттары  Кыргызстанга 54 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Аны Баткен аймагындагы жабыркагандарга жөнөтүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, азык-түлүк салынган жүк атайын рейс менен “Манас” аэропортуна бир күн мурун келген. Жакын арада Баткен облусуна гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жеткирилет.

«Манас» аэропортундагы гуманитардык жүктү кабыл алуу процессине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында, бул гуманитардык жардам Баткен облусуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жакынкы аралыкта жеткирилет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

764