Бүгүн, 12-сентябрда Баткен облусунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү жаңы цех ишке кирди. Ишкананын ачылыш аземине Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Сабырбек Ысмаилов, Баткен районунун акими Данир Иманалиев, айыл аймагынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цехти түзүүгө республикалык бюджеттен 22 млн сом бөлүнүп, ишкана муниципалдык ишкана катары уюштурулду.
Ишкананын негизги багыты – Ак-Татыр айыл аймагында жана ага жакын аймактарда өндүрүлгөн өрүк, алма жана башка мөмө-жемиштерди кайра иштетип, кургатуу жана даяр продукцияны рынокко чыгаруу.
Цех күнүнө 1 тоннага чейин мөмө-жемишти кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Учурда ишканада 5 жаңы жумуш орду түзүлдү.
Долбоор жергиликтүү чийки затты кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, фермерлер үчүн кошумча киреше булагын түзүүгө, айыл жергесинде өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган.



