Кыргызстанда улуттук валютанын 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттору алгачкы жолу өлкө аймагында басылып чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30 жылдан ашуун убакыттан бери улуттук валюта чет өлкөлөрдө чыгарылып келген. Эми аны өз өлкөбүздө басып чыгарууга маанилүү кадам жасалды.
Бул иш Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп, Улуттук банк тарабынан улуттук валютаны өлкө ичинде чыгарууну камсыздоо боюнча тиешелүү иштер аткарылган.
Улуттук банктын маалыматына караганда, бул эгемен Кыргызстандын тарыхында өлкө аймагында банкнот басып чыгаруу боюнча алгачкы тажрыйба болуп саналат. Мекеме бул кадам экономикалык өз алдынчалыкты бекемдөөгө өбөлгө болорун белгиледи.



