14-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын консультациялык миссиясынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, анда тараптар айыл чарба, азык-түлүк, суу ресурстары жана айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ошондой эле суу менен камсыздоо, ирригация жана айыл чарба тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты улантуу боюнча макулдашылды.



