Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, “Борбордук Азия – Корея Республикасы” биринчи саммитинин алкагында Сеул шаарында өткөн бизнес-саммиттин атайын сессиясына катышты.
Бизнес-саммиттин темасы “Өнүгүү жана инновациялар үчүн Корея Республикасы менен Борбордук Азия кызматташтыгынын келечеги” деп аталды. Иш-чара экономикалык өнөктөштүктү чыңдоо, соода-инвестициялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана өлкөлөр ортосунда жаңы ишкердик байланыштарды түзүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
Мамлекет башчысы бул иш-чараны өлкөлөр ортосундагы мамилелердин иш жүзүндөгү жаңы барагынын ачылышы катары баалады.
Садыр Жапаров катышуучуларды талкуулардан конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоого чакырып, ишкердик өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана алдыңкы технологиялар трансферине өзгөчө көңүл бурду. Ал бизнес-жолугушуунун ийгиликтүүлүгүнүн негизги критерийлери кол коюлган келишимдердин саны, түзүлгөн жумуш орундары жана ишке киргизилген өндүрүштөр болушу керектигин айтты.
Президент акыркы мезгилдеги оң динамикага токтолуп, аймак ичиндеги сооданын кеңейиши, өнөр жай кооперациясынын чыңдалышы жана транспорттук инфраструктуранын өнүгүшүнүн аркасында Борбордук Азия бүгүнкү күндө өз ара байланышкан, туруктуу жана узак мөөнөттүү инвесторлор үчүн жагымдуу аймакка айланып жатканын баса белгиледи.
Жетишилген ийгиликтерге таянуу менен Президент Садыр Жапаров аймак өлкөлөрү менен Корея Республикасынын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүндө биргелешкен күч-аракеттерди беш артыкчылыктуу багытка топтоону сунуштады.
Бул контекстте ал энергетика тармагын белгилеп, кореялык компанияларды ири энергетикалык долбоорлорду, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, жаңы гидроэлектр станцияларын куруу жана иштеп жаткан энергетикалык объекттерди модернизациялоо долбоорлорун ишке ашырууга катышууга чакырды. Энергетика системасын санариптештирүү, заманбап башкаруу системаларын киргизүү жана кайра жаралуучу энергетика менен электр транспорттору үчүн жабдууларды өндүрүүнү локалдаштыруу да келечектүү багыттар болуп саналат.
Садыр Жапаров транспорт жана өнөр жай кооперациясы тармагын да белгиледи. Кыргызстан “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушунун аркасында ЕАЭБдин жана Борбордук Азиянын рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгү бар ишенимдүү аянтча болууга даяр. Мында ушул каттамдын боюнда индустриялык парктарды жана логистикалык борборлорду түзүүгө кореялык компаниялардын катышуусу сунушталууда.
Мамлекет башчысы туризм жана агроөнөр жай комплексине өзүнчө токтолду. Ушуга байланыштуу ал кореялык инвесторлорду жыл бою иштей турган “Ала-Тоо Резорт” тоо курортун түзүү долбооруна, мейманкана жана асма-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө катышууга үндөдү.
Мындан тышкары, адам капиталын жана санариптик технологияларды өнүктүрүүгө басым жасалууда. Садыр Жапаров адистерди даярдоочу адистештирилген борборлорду түзүүнү, биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүүнү жана технологиялык стартаптарды колдоону сунуш кылды. Ал жасалма интеллект, санариптик платформалар жана инновациялар жаатындагы корей тажрыйбасы Борбордук Азия аймагынын калкынын жаш жана таланттуу бөлүгү менен айкалышып, узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири боло аларына көңүл бурду.
Сөзүнүн соңунда Президент Кыргызстан өз ара байланышкан долбоорлордун даяр портфелин сунуштап жатканын жана инвестициялык чечим кабыл алуудан тартып өндүрүштү ишке киргизүүгө чейин “бирдиктүү терезе” принциби боюнча колдоо көрсөтүүгө кепилдик берерин белгиледи.
Мамлекет башчысы технологиялар трансфери, өндүрүштөрдү локалдаштыруу жана жумуш орундарын түзүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. “Бир барак кагаз болсо да, экөөлөп көтөрсөңөр, жеңилирээк болот” деген корей макалын эске салып, Президент Садыр Жапаров тараптардын саясий эрки жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү ниеттерден конкреттүү натыйжаларга өтүүгө мүмкүндүк берерине, ал эми Саммит аймактык өнөктөштүктүн жаңы этабы үчүн баштапкы чекит болоруна ишенимин билдирди.
Иш-чарага 30дан ашуун ата мекендик жана 50гө жакын кореялык компания катышты. Бизнес-саммиттин жыйынтыгында алардын ортосунда 10 документке кол коюлду.



