Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Сеул шаарында Кореянын Премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Хан Сон Сук Кыргызстандын Президентин жылуу тосуп алып, эки жактуу мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн айтып, корей тараптын өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Премьер-министр Кыргызстанда корей компанияларынын ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Хан Сон Сук Кореядан Кыргызстанга келген туристтердин агымы өсүп жатканын айтып, 2023-жылдан бери иштеп жаткан түз авиакаттам туристтик алмашууларды кеңейтүүгө жана эки тараптуу байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп жатканын баса белгиледи.
Кореянын Өкмөт башчысы Кореянын олуттуу технологиялык потенциалы бар экенин, ал эми Кыргызстан бай жаратылыш ресурстарына ээ экенин айтты. Ушуга байланыштуу ал өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында эки өлкөнүн потенциалын жана тажрыйбасын айкалыштыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенине токтолду.
Санариптештирүү жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыктын келечеги, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана Корея Республикасынын технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жана Кыргызстандын потенциалын пайдалануу маселелери айтылды.
Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргызстан Корея менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө жана өлкөдө корей бизнесинин катышуусун кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
“Биз айрым инвестициялык долбоорлорду гана ишке ашырууга эмес, корей бизнесинин Кыргызстанда кеңири жана узак мөөнөттүү катышуусуна кызыкдарбыз. Өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө жана өндүрүштү локалдаштырууга өзгөчө көңүл бурабыз”, — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Буга байланыштуу Президент корей компанияларын автомобиль куруу, фармацевтика, текстиль өнөр жайы, электроника тармактары сыяктуу жана башка келечектүү багыттардагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.
Садыр Жапаров ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнө биргелешип бир нече артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктап, аларды концепциясын иштеп чыгуудан тартып өндүрүштү ишке киргизүүгө чейинки бардык этаптарда коштоону камсыз кылууну сунуштады.
Муну менен катар Президент Кореяда иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын өсүшү пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны мындан ары өркүндөтүүнү талап кыларын белгиледи.
Мындан улам Президент Кыргызстандын жана Кореянын өкмөттөрүнүн ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди иштеп чыгуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү жана документти кол коюуга даярдоону сунуш кылды.
Садыр Жапаров жана Хан Сон Сук эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу зарылдыгын белгилеп, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешип иш алып барууга даяр экенин ырасташты.



