7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто курулган жана оңдолгон жолдордун сапаты текшерилүүдө

4

Ош шаарында быйыл курулган жана оңдолгон жолдордун сапатына текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери кирди.

Комиссия быйыл асфальтталган жолдордон керн үлгүлөрүн алып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүүдө. Ошондой эле жол курууда колдонулган материалдардын сапаты, технологиянын сакталышы жана аткарылган иштердин стандарттарга шайкештиги текшерилүүдө.

«Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, 2026-жылы шаарда 50 чакырым жолду асфальттоо жана 51 чакырым тротуар куруу пландалган. Учурда 16,3 чакырым жол асфальтталып, 17 чакырым тротуар курулду.

Текшерүү Курманжан датка, Х. Абдуллаев, Г. Айтиев, Баялинов, Ю. Төлөнов жана башка көчөлөрдө жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгы лабораториялык изилдөөлөрдүн жана жеринде жүргүзүлгөн көзөмөлдүн негизинде чыгарылат. Аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

5