7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Россиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгуусу өттү

2

Балыкчы шаарындагы “Эдельвейс” окуу-машыгуу борборунда Кыргызстан менен Россиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн штабдык машыгуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Машыгууда эки өлкөнүн бирдиктүү аймактык абадан коргонуу системасынын кезметтеги күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелер иштелип чыкты. Иш-чаранын жыйынтыгында аткарылган иштер талданып, абадан коргонуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн мындан ары жакшыртуу боюнча багыттар аныкталды.

Машыгуу бекитилген планга ылайык биргелешкен аракеттерди координациялоого жана башкаруу органдары менен кезметтеги күчтөрдүн практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталды.

3