Президент Садыр Жапаров 19-сентябрда АКШга иш сапарынын алкагында Солт-Лейк-Сити шаарына жакын жайгашкан Юта штатынын Олимпиадалык паркына (Utah Olympic Park) барды.
Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы 2034-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынын Уюштуруу комитетинин төрагасы Фрейзер Баллок менен жолугушуп, штаттагы спорттук инфраструктуранын өнүгүшү, 2002-жылы өткөн Олимпиаданын мурасын пайдалануу, ошондой эле 2034-жылкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүү пландары менен таанышты.
Президентти Юта штатынын кышкы спорт түрлөрүн балдар жана мектеп окуучулары арасында жайылтуу, спортко массалык түрдө катышууну кеңейтүү жана туристтерди тартуу үчүн заманбап спорттук инфраструктураны пайдалануу тажрыйбасы өзгөчө кызыктырды.
2002-жылдагы Олимпиадага карата түзүлгөн инфраструктура спортчуларды даярдоо, мелдештерди өткөрүү жана спорттук туризмди өнүктүрүү үчүн азыркыга чейин жигердүү колдонулуп жатканы белгиленди.
Садыр Жапаров Ютанын тажрыйбасы кышкы спорт түрлөрүн жана туризмди өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар тоолуу өлкө катары Кыргызстан үчүн практикалык жактан кызыктуу экенин айтты.
“Кыргызстан үчүн бул абдан баалуу тажрыйба. Биз заманбап спорттук инфраструктураны гана өнүктүрбөстөн, кышкы спорт түрлөрү менен мүмкүн болушунча көп балдар жана жаштар машыга турган шарттарды түзүшүбүз керек. Бул — улуттун саламаттыгы, спорттун, туризмдин өнүгүшү жана өлкөнү таанытуу менен бирге жүрөт”, — деп белгиледи Президент.
Мамлекет башчысы Юта штатынын кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү, жаш спортчуларды даярдоо жана спорттук инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу тажрыйбасын кеңири изилдеп чыгууну, ошондой эле 2034-жылдагы Олимпиада оюндарынын Уюштуруу комитети жана штаттын спорттук уюмдары менен кызматташуунун конкреттүү багыттарын аныктоону тапшырды.
Садыр Жапаров 2034-жылы Солт-Лейк-Ситиде өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Президент кыргызстандык спортчуларды даярдоону азыртадан кеңейтүү, өлкө үчүн жаңы болгон кышкы олимпиадалык спорт түрлөрүн өздөштүрүү жана 2034-жылы Кыргызстан Олимпиада оюндарында улуттук курама команданын кыйла кеңири курамы менен катыша тургандай шарттарды түзүү милдетин койду.



