«Бишкек Аренанын» ачылышына 60 миңдей көрүүчү келери күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
5-октябрда өтө турган «Бишкек Аренанын» ачылышына кирүү акысыз болот. Алгачкы 10 миң билет ticket.gov.kg сайтына чыгарылды.
Анын айтымында, билеттер каалоочуларга этап-этабы менен таратылат. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында кирүүдө Face ID системасы колдонулат.
Ачылыш аземинде чоң шоу-концерт өтөт.



