7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаратылыш министрлиги мыйзамсыз аңчылык кылгандарга көп суммада айып салынарын эскертти

8

Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылык кылып, сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды аткандарга ири өлчөмдө айып пул каралган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эскертти.

Кызыл китепке кирген жаныбарларга келтирилген зыян үчүн айып пулдун өлчөмү төмөнкүдөй белгиленген:

  • илбирс — 2 млн сом;
  • аркар-кулжа, марал, күрөң аюу жана жейрен — 1,5 млн сом;
  • кызыл карышкыр, мадыл жана сүлөөсүн — 50 миң сом;
  • орто азиялык кундуз жана мензбир сууру — 20 миң сом.

Белгиленгендей, министрликтин инспекторлору тарабынан мыйзамсыз аңчылыкка каршы ыкчам рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Буга чейин Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл аймагынын Кашка-Суу жайлоосунда бир баш тоо текеси мыйзамсыз атылганы аныкталган. Бул факт боюнча протокол түзүлүп, укук бузуучуга 12 миң 500 сом административдик айып салынып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 300 миң сом өлчөмүндө доо коюлган.

Материалдар мыйзам чегинде кароо үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

9