7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын премьер-министрине көңүл айтты

12

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактумга анын бир тууганы шейх Ахмед бин Рашид Аль Мактумдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, Аль Мактум үй-бүлөсүнө жана жалпы Эмират элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Маркумдун жаркын элеси жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Анын элине жана мекенине кылган ак кызматы, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы жана эли үчүн жасаган эмгеги эч качан унутулбайт.

Ушул оор учурда Сиздерге сабырдуулук жана кайрат тилейм”, — деп айтылат телеграммада.

13