7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев Малайзиянын премьер-министри менен жолугушту

5

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушуу өткөрдү.

Анын жүрүшүндө 2024-жылы Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга болгон расмий сапары жана 2025-жылы Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапары белгиленди.

Тараптар жетишилген макулдашууларды практикалык түрдө ишке ашырууну камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.Аңгемелешүүнүн алкагында кыргыз-малайзия кызматташтыгын өнүктүрүү жана соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү арттыруу келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Адылбек Касымалиев өткөн жылы өз ара соода жүгүртүү дээрлик алты эсеге өскөндүгүн белгиледи. Бул контекстте ал эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жана ишкер чөйрөлөрү ортосундагы байланыштарды чыңдоо аркылуу, анын ичинде эки тараптуу сооданы диверсификациялоо жана кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү биргелешип кароону сунуштады.

Минкаб төрагасы ошондой эле атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын ишин жандандырууну сунуштады. Анвар Ибрагим өз кезегинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экендигин билдирди.

6