7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Минкаб төрагасы Кытайдагы Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

12

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында бешинчи Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты.

Өз сөзүндө Минкаб башчысы санариптик соода – бул дүйнөлүк сооданын жөн гана дагы бир багыты эмес, ал дүйнөлүк экономиканын жаңы инфраструктурасына айланып бара жатканын белгиледи.

Ал Кыргызстан Кытайдын жасалма интеллект жаатында кызматташуу боюнча Дүйнөлүк уюмду түзүү демилгесин кубаттай турганын белгиледи.

«Биз үчүн өзгөчө маанилүүсү, Кыргызстан бул жаңы эл аралык түзүмдүн алгачкы мамлекет-негиздөөчүлөрүнүн бири болду. Биз жасалма интеллект өнүгүүгө кызмат кылып, санариптик ажырымды кыскартып, бардык өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү беришин каалайбыз. Кыргызстан бул ишке жигердүү катышууга даяр», — деди ал.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө санариптик соода маселелеринде кызыкдар тараптар менен кызматташуу үчүн бир катар багыттарды белгиледи. Атап айтканда, ал электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрүн, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорун санариптик коштоп жүрүү бөлүгүндө санариптик логистиканы, санариптик төлөмдөрдү, чакан жана орто бизнес үчүн ЖИ-чечимдерин киргизүүнү, ошондой эле дата-борборлорду, технологияларды трансфертөө борборлорун биргелешип өнүктүрүүнү жана адистерди даярдоону белгиледи.

«Биздин деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок санариптик дүйнөдө аралык тоскоолдук болуп саналбайт. Кыргызстан инвестицияларга жана технологиялык өнөктөштүккө ачык. Жасалма интеллект жана санариптик соода дүйнөнү абдан тез өзгөртүүдө. Биздин милдет – аларды элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн пайдалануу», — деди Касымалиев.

13