7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асман Эйрлайнс биринчи жолу борт коштоочулар үчүн Open Day өткөрөт

20

Асман Эйрлайнс авиакомпаниянын командасынын бир бөлүгү болууну каалагандарга биринчи Open Day — ачык тандоо күнүн өткөрөт.

Авиакомпаниянын өнүгүшүнө жана аба флотунун кеңейишине байланыштуу Асман Эйрлайнс борт коштоочуларды жана жер үстүндөгү кызматкерлерин кызмат орундарына кабыл алууну баштайт. Open Day 2-октябрда Бишкекте өтөт.

Бул күнү талапкерлер тандоонун негизги этаптарынан өтө алышат:

  • каттоо;
  • тестирлөө;
  • практикалык тапшырма;
  • комиссия менен маектешүү.

Бардык негизги этаптар бир күндүн ичинде өтөт. Катышуу үчүн алдын ала каттоодон өтүү зарыл. Бул үчүн career.asman.app сайтына өтүп же Асман Эйрлайнс инстаграм баракчасындагы шилтемени колдонуп, өзүңүз тууралуу маалыматты толтуруп, арыз калтырсаңыз болот. Арыз каралгандан кийин талапкер менен авиакомпаниянын кызматкерлери байланышат.

Асман Эйрлайнс жарандык авиация тармагында өнүгүүнү жана улуттук авиакомпаниянын командасынын бир бөлүгү болууну каалагандардын бардыгын чакырат. Катышуунун шарттары жана бош орундар тууралуу толук маалыматты авиакомпаниянын Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасынан: @asmanair.kg алууга болот.

21