7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Автобус айдоочуларынын эмгек акысы жаңы система менен төлөнөт

20

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочуларына эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы ишке кирүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жаңы системага ылайык, айдоочулардын айлыгы эмгек талаптарын аткаруусуна, жумуш убактысынын нормасын сактоосуна жана иштин сапатына жараша аныкталат.

«Айдоочунун ишине байланыштуу даттануу келип түшүп, анын негиздүүлүгү тастыкталган учурда эмгек акынын өлчөмү 20%га чейин азайтылышы мүмкүн. Ошондой эле белгиленген жумуш убактысынын нормасы аткарылбаган учурда да айлыкты азайтуу каралган», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жаңы система айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга, эмгек тартибин сактоого жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган.

21