Кореялык турист Кыргызстандагы таксиде жүрүп, жолдогу кызыктуу учурду видеого тартып, социалдык тармакка бөлүштү.
Видеодо унаанын ылдамдыгы 166 км/саатка жеткени көрүнөт. Ошондой эле айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздук курун тагынбаганы байкалат.
Турист видеого: «Кыргызстандагы такси башкача экен. Коопсуздук курлары да иштебейт» деген мааниде жазуу кошкон.
Видео социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. Айрыкча жогорку ылдамдык жана коопсуздук маселеси колдонуучулардын көңүлүн бурду.
Сиздин оюңузча, мындай ылдамдыкта такси айдоо канчалык кооптуу?
Посмотреть эту публикацию в Instagram



