7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров камалды

151

Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы мындай чечимди кечээ Ленин райондук соту чыгарганын кабарлады.

Буга чейин анын кармалганы айтылып жаткан. Бирок кайсы берене боюнча айып тагылып жатканы тактала элек.

36 жаштагы Кадыров 2023-жылдын ноябрь айында ошол кездеги Архитектура агенттигинин директору болуп дайындалып кеткен вице-мэр Нурдан Орунтаевдин ордуна келген. Быйыл 15-июнда кызматтан алынган.

152