7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Geely Auto Group” компаниясы Кыргызстанда завод ачышы мүмкүн

157

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында Кытайдын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Минкаб башчысы «Geely Auto Group» компаниясынын башкы кеңсесине барып, уюмдун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Делегацияны ишкананын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, корпорациянын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, миссиясы жана потенциалы тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин тастыктап, Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачуу, тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендиктерин билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул демилгени изилдөө боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүүнү макулдашышты.

Белгилей кетсек, корпорациянын портфелине Geely, Lynk & Co, Zeekr, Volvo, Polestar, Proton жана Lotus сыяктуу бренддер, ошондой эле беш ири илимий-изилдөө борбору жана дүйнө жүзү боюнча ондон ашык өндүрүштүк базалар кирет. Продукцияны сатуу тармагы 100дөн ашык өлкөнү жана аймакты камтыйт.

Адылбек Касымалиев ошондой эле Кытайдын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө социалдык объектилерди куруу, коммуникация, логистика жана банк-каржы сектору тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары талкууланды.

158