Бүгүн, 24-сентябрда Ысык-Көл акваториясынын Бостеридеги Алтын кум эс алуучу жайынын суу астында тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суучулдар кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суучулдар тарабынан болжол менен 350-400кг ар кандай таштандылар чыгарылды.