Бүгүн, 24-сентябрда Казакстандын Маңгыстау облусунда аскердик машыгуу учурунда кырсык болуп, 11 аскер каза болду.
Казакстандын Коргоо министрлиги билдиргендей, Каспий деңизинин жээгиндеги аскерлер окуу-аскердик тапшырманы аткарып жаткан учурда аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу шамал болгон. Натыйжада 19 аскерди деңиз толкуну алып кеткен.
Маалыматка ылайык, үч аскер куткарылып, алардын бири ооруканага жаткырылды. Калгандарын издөө иштери уланууда.
Окуя болгон жерге куткаруучу кызматтар жана атайын техника жөнөтүлгөн. Издөө-куткаруу операциясына Аскер-деңиз күчтөрүнүн бөлүктөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, авиация жана башка тиешелүү түзүмдөр тартылган.



