Бишкекте элктровелосипедде учкашып бараткан эки кишини Mazda сүзүп, бири мерт кетти. Кайгуул милициясы билдиргендей кырсык, кечээ, 27-сентябрда болгон.
Маалыматка ылайык, Mazda-323 үлгүсүндөгү унаанын 36 жаштагы айдоочусу Тоголок Молдо көчөсү менен бара жатып, курьердин электровелосипедин сүзгөн. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу мас абалда болгон.
Кырсыктын кесепетинен велосипедге учкашып бара жаткан 18 жаштагы жигит каза болуп, рулдагы бала ооруканага жеткирилген.
Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



