7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Американын көчөлөрүндө жайгашкан кичинекей китепканалар

167

АКШда китеп окууну жайылтууга багытталган кичинекей китепканалар кеңири тараган. Бул тууралуу АКШда жашаган мекендешибиз Акылай Акыналиева социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.

Мындай китепканаларга адамдар окуп бүткөн китептерин калтырышат. Каалаган адам ал жерден өзүнө жаккан китепти акысыз алып окуп, кийин кайра ордуна коюп кете алат. Бул демилге китептерди кайра колдонууга, окурмандардын санын көбөйтүүгө жана коомчулук арасында китеп окуу маданиятын жайылтууга өбөлгө түзөт.

Кыргызстанда да ушундай чакан китепканаларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү бар. Эгер өлкөбүздө мындай китепканалар ачылса, сиз китеп алып окуйт белеңиз?

Автор: Акылай Акыналиева

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

168