Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан жаңы маданий борбордун курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Долбоорго ылайык, 40 сотых жерге жалпы аянты 7 490 чарчы метр болгон үч кабаттуу имарат курулууда. Борбордо 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө залы, музыкалык жана театралдык класстар, фуд-корт жана көп функционалдуу мейкиндиктер каралган. Ошондой эле 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот.
Бүгүнкү күндө имараттын темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктап, дубалдарды шыбоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле электр монтаждоо иштери аткарылууда.
Мэр жаңы борбор биринчи кезекте шаар тургундарына багытталып, негизинен административдик эмес, коомдук багыттагы объект болушу керектигин белгиледи.
Жунушалиев тиешелүү шарттарды, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн пандустарды жана лифттерди, ыңгайлуу санитардык жайларды, чакан чыгармачыл топтор жана студиялар үчүн атайын зоналарды долбоордо караштырууну тапшырды.




