7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан 2028-жылдагы Азия кубогун өткөрүүгө талапкерлигин көрсөттү

3

2028-жылы өтө турган футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүү укугуна Кыргызстан талапкерлигин Азия футбол конфедерациясына (АФК) расмий түрдө сунуштады. Бул тууралуу кыргыз футбол биримдиги билдирди.

«Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрүнүн Кыргызстандын инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн жана турнирди өткөрүүгө даярдыгын баалоо максатындагы инспекциялык сапары 30-сентябрдан 2-октябрга чейин өткөрүлүшү мерчемделүүдө» — деп айтылат билдирүүдө.

Инспекциянын жыйынтыктары жана берилген документтердин негизинде 2028-жылдагы футзал боюнча Азия Кубогун кабыл алуучу өлкө тууралуу акыркы чечим кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан буга чейин футзал боюнча Азия Кубогунун тандап алуу беттештерин үч жолу ийгиликтүү өткөргөн. Бул тажрыйба өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги футзал мелдештерин уюштуруу жана өткөрүү боюнча тиешелүү тажрыйбасы бар экенин тастыктайт.

Футзал боюнча Азия Кубогу — Азия континентиндеги эң маанилүү мелдештердин бири. Турнирге континенттин күчтүү 16 улуттук курама командасы катышат. Мындай ири эл аралык мелдешти Кыргызстанда өткөрүү өлкөнүн спорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, эл аралык аренадагы аброюн жогорулатууга жана футзалды, өзгөчө жаштар арасында, мындан ары өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берет.

4