7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров TİKA’нын президентин кабыл алды

157

Бүгүн, 28-сентябрда президент Садыр Жапаров Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) президенти Абдуллах Эренди кабыл алды.

Жолугушууда TİKA менен өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү маселелери жана социалдык-экономикалык, гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды.

Президент негизги багыттарды, анын ичинде саламаттык сактоо, айыл чарба лабораториялык инфраструктурасын модернизациялоо, кесиптик-техникалык билим берүү жана “жашыл” энергетика тармагында адистерди даярдоо маселелерин белгиледи.

Өлкөнүн алыскы жана бийик тоолуу райондорунда долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде чакан гидроэнергетика, медициналык инфраструктура жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу сунушталды.

Өз кезегинде Абдуллах Эрен Садыр Жапаровго Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жылуу саламын жеткирип, Кыргызстандын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасына токтолду.

TİKAнын президенти агенттиктин Кыргызстанда жакынкы мезгилде ишке ашыра турган пландары тууралуу айтып берди. Анын ичинде, жаңы долбоорлорду жана айрым демилгелерди камтыган бир катар иш-чараларды өткөрүү мерчемделүүдө.

158