7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үч компанияга айып пул салынып, Балыкчыдагы сапатсыз жолдор кайра жасалууда

6

Балыкчыда унаа жолдорун жана тратуарларды реконструкциялоо иштеринде ченемдик-техникалык документтердин жана долбоордук чечимдердин талаптарынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Тактап айтканда, реконструкция иштеринде асфальт-бетон жабуусунун жука жана сапатсыз салынып жаткандыгы, суу өткөрүүчү курулмалардын оозу (оголовка), тротуарлар, коргоочу жана таяныч элементтерди орнотуу иштеринде кемчиликтер аныкталган. Ошондой эле айрым жерлерде суу агызуучу лотокторду орнотууда туташтыруучу бөлүктөрдүн сапатсыз аткарылганы белгиленди.

Мындан тышкары, айрым тилкелерде негизди тазалоо, битум эмульсиясы менен алдын ала иштетүү талаптары сакталбастан, асфальт-бетон аралашмасы төшөлгөн. Ал эми инженердик кудуктардын белгилери жол жабуусунун деңгээлине ылайык келбегени аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча “Чу Прокси”, “4 Энерджи” жана “Капитал Консалт” ЖЧКларына карата жалпы 105 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган кемчиликтерди белгиленген мөөнөттө подряддык уюмдардын өз каражаттарынын эсебинен жоюу талабы коюлду.

Учурда аныкталган кемчиликтер боюнча демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

7