Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков алтын медаль утту.
Ал финалда өзбекстандык Алишер Ганиев менен күрөшүп, 7:5 эсебинде жеңди. Шаршенбеков буга чейин түркмөнстандык атаандашын 8:0 эсебинде, түштүк кореялык балбанды 9:0 менен жеңген. Ал эми финалга чыгыш үчун ирандыкты 10:0 эсебинде уткан.



