Бишкек шаарында документтерди даярдоо жана пайдалануу боюнча чет өлкөлүк эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Маалымака ылайык, УКМК тарабынан 1-октябрда чет мамлекеттин эки жараны — 2002-жылы туулган А.А. жана 2003-жылы туулган И.М.Н. кармалды.
Карамлгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар виза тариздөөгө байланыштуу жасалма документтерди даярдоого жана пайдаланууга тиешеси бар деп шектелүүдө.
Тергөө иш-чаралары улантылууда.



