Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата 4-октябрда Стамбулда өтүүчү театрлаштырылган салтанаттуу маданий массалык иш-чарага катышат. Бул тууралуу Барпы театрынын маалымат кызматы билдирет.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандан барган белгилүү өнөр жылдыздарынын катышуусунда чоң концерттик программа тартууланат.
Майрамдык кече Түркияда жашап, окуп, иштеп жүргөн журтташтар үчүн уюштурулууда. Бул саамалыктын негизги максаты — чет жерде жүргөн мекендештерди бириктирип, Эгемендүүлүк майрамын бирге белгилөө.
Салтанаттуу кече 4-октябрда саат 18:00дө Topkapı Kültür Parkı аймагында өтөт. Кирүү акысыз.




