7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт

21

Кыргыз улуттук «Манас» театры залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдык мааракесине карата 30 жашка чейинки жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагын өткөрөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кароо-сынактын негизги максаты – манасчылык өнөрдү жайылтуу жана өнүктүрүү, жаш манасчыларды колдоо, жаңы ысымдарды элге таанытуу жана айтуучулук өнөрдү алып жүргөн жаш муундардын чыгармачылык дараметин арттыруу.

Сынак эки айлампада өткөрүлөт:

  •  1-айлампа –  12-октябрда  Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Катышуучулар эркин темада манас айтышат;
  •  2-айлампа – 22-октябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында өтөт. Катышуучулар билет аркылуу туш келген темада манас айтышат.

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү калыстар тобу тарабынан аныкталат. Калыстар тобунун курамына ар кыл курактагы 3–5 адис кирет. Упайлар тең болуп калган учурда катышуучуларга кошумча суроолор берилет.

Жеңүүчүлөргө байгелүү орундар жана белектер тапшырылат.

 

22