Бишкек шаарында №227 автобус каттамынын жүрүү схемасына өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Тагай Бий көчөсү менен башка автобус каттамдары өтөт, ал эми ага тушташ жайгашкан Каркыра көчөсүндө коомдук транспорт жок болчу.
Бул өзгөртүү аталган аймактын тургундарын коомдук транспорт менен камсыз кылуу, жүргүнчүлөр үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана шаардагы каттамдык тармакты бирдей бөлүштүрүү максатында киргизилди.




