Социалдык тармактарда белгисиз адамдар күч колдонуу менен киши уурдап кетишкени тартылган видео тараган. Окуя 5-октябрда Москвада болгон.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги, окуяга катышкандар Кыргызстандын жарандары экенин билдирди.
Россиянын укук коргоо органдары үч шектүүнү кармады. «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.
Жабыркаган жаран дагы Кыргызстандын жараны. Учурда ага зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кырдаалды көзөмөлдө кармап турганын билдирди.



