2026–2027-окуу жылына карата уюштурулган тандоо сынагынын жыйынтыгында президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына 26 талапкер өттү.
Маалыматка ылайык, алардын 14ү чет өлкөдөгү окуусун жаңы баштай турган болсо, 12 стипендиат буга чейин баштаган билим алуусун экинчи жана үчүнчү курстарда улантат. Жаштар дүйнөнүн беделдүү жогорку окуу жайларында билим алып, илим, технология, экономика, билим берүү, мамлекеттик башкаруу, медицина жана башка тармактар боюнча адистигин өркүндөтүшөт.
Программа аркылуу чет мамлекетте билим алган студенттер окуусун аяктагандан кийин Кыргызстанда кеминде беш жыл эмгектенүүгө тийиш. Бул талап аткарылбай, келишимдин шарттары бузулган учурда, студенттин окуусуна мамлекет тарабынан жумшалган каражатты кайтарып берүү милдети каралган.
«Эл үмүтү» стипендиялык программасын түзүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 10-майында кол койгон.
Программанын негизги максаты — дүйнөдөгү эң мыкты 100 университетте магистратура жана докторантурада окууну каалаган кыргызстандыктарга мүмкүнчүлүк түзүү. Алгачкы шарттарга ылайык, жыл сайын 50гө чейин талапкерге колдоо көрсөтүлүп, бир стипендиянын көлөмү окуу жайына жараша аныкталат. Ошол эле учурда жылдык каржылоо 50 миң АКШ долларынан ашпашы керек.
Стипендияны бөлүштүрүүдө техникалык жана инженердик кесиптерге өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, экономика жана гуманитардык багыттагы адистиктер боюнча да талапкерлер катыша алат. Илимдин доктору даражасын алуу үчүн өзүнчө 10 стипендия каралган.
Кыргызстанда жаштарды чет өлкөлөрдө окутууга багытталган мындай долбоор биринчи жолу ишке ашып жаткан жок. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында «XXI кылымдын кадрлары» аттуу мамлекеттик программа иштеп, анын алкагында бир катар студенттердин чет өлкөдөгү билим алуусуна мамлекет тарабынан каржылык жардам көрсөтүлгөн.
Ал программанын негизги шарттарынын бири — окуусун аяктаган жаштардын Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде эмгектенүүсү болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен каржылоо жана уюштуруу маселелериндеги кыйынчылыктардан улам долбоор күткөн натыйжасын толук бере алган эмес.



