7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Түркмөнбашыда Борбор Азия жана Азербайжан мамлекет башчыларынын саммитине катышууда

6

Президент Садыр Жапаров Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында мамлекет башчыларын тосуп алуу аземине катышты.

Түркмөнбашы шаарында бүгүн, 8-октябрда Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында Садыр Жапаровду Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун тосуп алуу аземи болуп өттү.

Саммитке ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышууда.

Тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары жыйындар залына өтүштү.

7