Сыргак Кенжебаев чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Ал массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелүүдө. Ошондой эле Кенжебаев 150 миң долларды алдамчылык жолу менен алган деп шектелип, издөөдө жүргөн.
Ал буга чейин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.



